Биз социалдык тармакта

Сузактагы ишкер айым кара өрүктү кургатып, экспортко жөнөтүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы ишкер Гүлмира Жолборсова жеңилдетилген насыянын жардамы менен кампа куруп, кургатуу жабдууларын сатып алган. Учурда ал кара өрүктү кургатып, даяр продукцияны экспортко жөнөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкер айым насыяны министрликтин "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында алган.

Ал каражатты кампа курууга жана керектүү жабдууларды сатып алууга жумшаган. Учурда кампада кара өрүк жана жаңгак сакталууда. Мындан тышкары, келечекте жашылча-жемиштерди сактоо багытын да өнүктүрүүнү пландоодо.

Гүлмира Жолборсованын айтымында, ал өз ишин кеңейтүүнү көптөн бери көздөп келген. Бирок каражаттын жетишсиздигинен улам планын ишке ашыра албай жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан