Биз социалдык тармакта

"Базардан 4 орун берем..." Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Ош шаарында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү 2025-жылдын 24-июлунда 50 жаштагы аялга өзүн инвестор катары тааныштырып, "Жибек-Жолу" базарынан 4 соода ордун берүүнү убада кылган. Бул үчүн аялдан 40 миң доллар алып, бирок убадасын аткарбастан изин жашырган.
Бул факт боюнча 23 жаштагы шектүү кармалып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан