Кечээ, 5- февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2014-жылдын бюджетин талкууга алышты. 2013- жылы депутаттар өздүк эсебине 6 750 000 бекитишкен. Быйыл эл өкүлдөрү бөлүнгөн акчадан баш тартышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 6-февралда Ош шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдыкадыров билдирди.
"Ар бир депутатка 150 миң сомдун тегерегинде туура келчү. Бирок кечээ бул нерсе мыйзамга туура келбей турганын айттык. Депутаттар өздөрү демилге көтөрүшүп, аларга бөлүнүүчү 6 750 000 сомдон баш тартышты. Башка тармакка жумшалышын сунушташты. 3 375 000 сомду Ош шаардык жолдор башкармалыгына, ал эми 3 375 000 сомду Шаардык курулуш башкармалыгына бөлүп беришти",- деди Абдыкадыров.