Жогорку Кеңештин 6-февралдагы жыйынында депутаттар өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге өз эрки менен эле кызматтан кетүүнү сунушташты. Кенжебек Бокоев: "Кумтөр" маселеси боюнча талаптагыдай иштей албагандан кийин өкмөт отставкага кетиши керек болчу. Ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлүп жатат",- деди. Жантөрө Сатыбалдиев: "Бир депутат айтты" деп эле кетип кала турган кызматта эмесмин. Мени кетирүүгө силердин укугуңар бар, силер чечесиңер",- деди өкмөт башчы.
Төрага Асылбек Жээнбеков маселени аралаштырбай, "Кумтөр" маселесин чечип алууну сунуштап, депутаттарды регламентти сактоого чакырды.