Биз социалдык тармакта

Марлен Маматалиев КМШ өлкөлөрүнүн парламент өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырды

Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин жыйынына катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында уюмдун 2027-жылга карата иш планы жана КМШ ПААнын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдыктар талкууланды.

Марлен Маматалиев 2027-жылдын күзүндө ассамблеянын кезектеги жыйынын Бишкекте өткөрүүгө кыргыз тарап даяр экенин билдирип, кесиптештерин Кыргызстанга чакырды.

Ошондой эле 2027-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин парламент өкүлдөрүнүн арасында эл аралык шахмат турнирин өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.

Мындан тышкары, төрага 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү процессине эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн парламенттер аралык уюмдарга, анын ичинде КМШ ПААга чакыруулар жөнөтүлгөнүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан