Кара-Балта шаарында мордон коюу кара түтүн чыгып жаткандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардын видео кайрылууларынан кийин текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору окуя болгон жерге барып, абалды текшеришти.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө экологиялык мыйзамдардын талаптарынын бузулушу аныкталып, мыйзам бузууга жол берген тараптка Укук бузуулар кодексине ылайык административдик протокол түзүлүп, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылды",- деп айтылат маалыматта.