Бишкек - Пхукет багыты боюнча чартердик аба каттамы ачылды. Бул тууралуу кечээ, 19-ноябрда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамды Өзбекстандын "Qanot Sharq" авиакомпаниясы аткарат. Чартердик каттамдар жумасына эки жолу - шейшемби жана жума күндөрү Airbus A321, A330 жана A320neo учактары менен жүргүзүлөт.