Мексикада чакан учак учуу учурунда кыймылдаткычынын кубаттуулугун жоготуп, аэропорттун тосмосун сүзүп өтүп унаа жолуна кулады. Бул тууралуу, бүгүн 20-ноябрда чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктан кийин учак өрттөнүп кеткен. Окуя учурунда анын бортунда эки учкуч жана төрт жүргүнчү болгон. Алар жеңил жаракаттарды алышты.
Учурда кырсыктын себептери такталууда.