Биз социалдык тармакта

"Ош базарындагы" рейд: Такси айдоочуларына шарт түзүлүүдө (видео)

Кечээ, 20-ноябрда "Ош базарында" такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды аныктоо жана мыйзамсыз жүргүнчү ташуунун алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында "Ош базарынын" айланасында такси кызматын көрсөтүүдө мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилди. Айдоочулардын арасында, мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Текшерүү учурунда, мэрдин орун басары Рамиз Алиев, айдоочулар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

"Рейд бир жума бою уланат, базардын тегерегин видеокамералар менен камсыздап, мыйзам бузгандарды аныктап турабыз. Жакында бул жак жабылып, жаңы автобекет ачылат, силердин мыйзамдуу иштешиңерге шарт түзүп беребиз", - деп белгиледи мэрдин орун басары.

"Ош базарында" рейд жүрүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан