Биз социалдык тармакта

Бишкекте бир күндө 198 тонна таштанды чыгарылды

Кечээ, 20-ноябрда Бишкек шаарында ири көлөмдөгү таштандыларды чыгаруу боюнча бир жолку акциянын биринчи күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага 35 атайын техника тартылып, анын жардамы менен 198 тонна таштанды чыгарылды.

"Шаардын төрт районунда эски эмеректер, керексиз буюмдар, түшкөн жалбырактар жана бак-дарактардын бутактары тазаланды. Акциянын негизги максаты – шаар тургундарына топтолгон ири көлөмдөгү таштандылардан арылууга шарт түзүү. Акциянын акыркы күнү 21-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин уланат. Шаар тургундары таштанды чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууга чакырылат", - деп кошумчалады мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан