Жогорку Кеңештин "Кумтөр" боюнча кабыл алган токтому

Жогорку Кеңеш бүгүн, 6-февралда "Кумтөр" маселеси боюнча токтом кабыл алды. Айта кетсек, бул токтом макулдашуу комиссиясы тарабынан иштелип чыкты. Тактап айтканда, өкмөт сунуштаган жаңы келишимге КСДП фракциясынан башка фракциялар макул болгон жок. Токтомдун тексти төмөндө: 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-5 "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" жана 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-5 "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-июнундагы №3169-5 токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 23-октябрындагы №3508-5 токтому тууралуу

 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-5 "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" жана 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-5 "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-июнундагы №3169-5 токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" КРнын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 23-октябрындагы №3508-5 токтому тууралуу КРнын Өкмөтүнүн жана КРнын Башкы прокуратурасынын маалыматын угуп жана талкуулап, КРнын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.

Сүйлөшүүлөр процессинин жүрүшүндө төмөнкү макулдашууларга жетишилген:

- Биргелешкен ишкана тиешелүү пайыздык үстөгү менен 100 миллион АКШ долларына "Кыргызалтын" ААКсынын келечектеги дивиденддерине түзөтүүлөр киргизүүсүз 50х50 теңдештик шарттарында түзүлөт.

- "Кумтөр" кенинде тоо-кен иштеринин планын 2026-жылга чейин ишке ашыруу аяктагандан кийин кыргыз тарап биргелешкен ишканадагы өзүнүн үлүшүн коммерциялык баа боюнча 67 пайызга чейин көбөйтүү укугуна ээ болот.

- Үлүштөрдү баалоодогу айырма 2009-жылдан кийин кендин муктаждыктары үчүн сатып алынган жогорку баалуу ийкемдүү жабдуулардын тизмегин тараптар белгилегендин эсебинен "Центерранын" активдерин азайтуу жолу менен теңдештирилет. Бул ийкемдүү жабдуу биргелешкен ишканага 2026-жылга чейин клирингге берилет, андан кийин биргелешкен ишкананын менчигине өтөт.

Ошону менен бирге төмөнкүлөрдү белгилей кетүү керек:

- Биргелешкен ишканадагы үлүштүн 67 пайызын Кыргыз Республикасына берүү жөнүндө шартка жетишилген эмес. 

- Компания чыгашаларды оптималдаштыруу шылтоосу менен жер астын иштетүү долбоорун токтоткон жана жер астындагы жумуштар үчүн гана пайдаланылган техниканы сатуу жөнүндө чечим кабыл алган.

"Ата Мекен" жана "Ар-намыс" фракциялары КРнын Өкмөтү тарабынан киргизилген КРнын Өкмөтүнүн "Кыргызалтын" ААКсынын жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоорун түзүмдөштүрүүнүн шарттары жөнүндө макулдашуунун жаңы долбоорун Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жооп бербеген катары алгылыктуу эмес деп тапкан.

"Республика" фракциясы КРнын Өкмөтү "Кыргызалтын" ААКсынын жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы макулдашуу Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жооп бербеген катары алгылыктуу эмес деп тапкан.

Ал эми "Кумтөр" долбоорун туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана кыргыз элинин кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында КСДП фракциясы өз сунушун киргизген.

Ошондой эле "Ата Журт" фракциясы 2013-жылдын октябрь айында эле "Кумтөр" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумду Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жооп бербеген катары алгылыктуу эмес деп тапкан жана КРнын Өкмөтүнө "Кумтөр" долбоору боюнча бардык макулдашуулардан бир жактуу чыгып кетүүнү сунуштаганын белгилей кетүү керек.

2014-жылдын 18-январындагы "Кумтөр" долбоорун кайра түзүмдөштүрүүнүн шарттары жөнүндө макулдашуу боюнча КРнын Өкмөтүнүн маалыматынын негизинде, ошондой эле КРнын Өкмөтү "Кумтөр" долбоорунда КРнын абалын жакшырта жана 67 пайыз үлүшүн көбөйтө албагандыгын эске алып КРнын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. КРнын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-5 "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугужана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" жана 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-5 "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-июнундагы №3169-5 токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 23-октябрындагы №3508-5 токтомун аткаруу боюнча КРнын Өкмөтүнүн иши "Кумтөр" долбоорунда КРнын үлүшүн 67 пайызга көбөйтүү боюнча жетишсиз деп эсептелсин.

2. 2014-жылдын 18-январындагы КРнын Өкмөтү "Кумтөр" долбоорун кайра түзүмдөштүрүүнүн шарттары жөнүндө макулдашуудан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларын жана башка документтердин долбоорлорун даярдоодо төмөнкүлөрдү карасын:

- КРнын мыйзамдарына ылайык акционердик коомдун уюштуруу укуктук түрдөгү биргелешкен ишкананы түзүү;

- Эл аралык стандарттар боюнча башкаруучу компанияны сынактык тандоо жүргүзүү менен операциялык макулдашууну мөөнөтүнөн мурда токтотууда биргелешкен ишкананын укугун эске алуу менен башкаруучу компаниянын иш милдеттерин "Центерра" компаниясына 3 жылдан көп эмес убакытка жүктөө;

- КРнын мыйзамдарына ылайык, биргелешкен ишкананын директорлор кеңешин 3 жылдык мөөнөткө түзүү;

- Биргелешкен ишкананы башкаруунун аткаруучу органынын мүчөлөрүн тандоону, жалдоону жана бошотууну биргелешкен ишкананын директорлор кеңеши бекиткенден кийин жүзөгө ашырылат;

- "Кумтөр" кен чыккан жерин жер астындагы ыкма менен иштетүү, ошондой эле кен калдыктарындагы алтынды алуу мүмкүнчүлүгүн жана укугун башка операторго берүүнү КРнын Өкмөтүнө берүүнүн мөөнөттөрүн кыскартууну;

- "Кумтөр" кениндеги экологиялык жана тоо-кен техникалык маселелерди КРнын мыйзамдарына ылайык комплекстүү чечүүнү;

- "Кумтөр" кенин эл аралык стандарттарга ылайык кайра культивациялоо жумуштарын толук жана сапаттуу жетиштүү көлөмдө жүргүзүүдө Трасттык фонд түзүүнү;

- Жабдууларды төмөндөтүлгөн пайыздык ставкалар менен лизингдин кыйла пайдалуу шарттарын белгилөөнү;

- "Центерра" компаниясындагы "Кыргызалтын" ААКсынын акцияларынын пакетине ылайык 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча "Центерра" компаниясынын пайдасынан атайын дивиденддердин "Кыргызалтын" ААКсынын алышын;

- "Кумтөр" долбоорунда "Центральный" тилкесин гана иштетүү каралсын;

- Калдыктарды сактоо боюнча болгон "Центерра" компаниясынын милдеттенмелерин бекитүү.

3. Өлкөнүн экономикасына зыян келтирген, анын ичинде "Кумтөр" кен чыккан жери боюнча асыл металлдардын сапатын эсептөөдө билип туруп төмөндөтүүнүн фактылары боюнча "Кумтөр" долбоору боюнча макулдашууларды, келишимдерди жана башка документтерди даярдоого жана кол коюуга катышкан кызмат жана башка адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө КРнын Башкы прокуратурасынын маалыматы эске алынсын.

4. КРнын Башкы прокуратурасы "Кумтөр" долбоору боюнча өлкөнүн экономикасына зыян келтирген макулдашууларды, келишимдерди жана башка документтерди даярдоого жана кол коюуга катышкан кызмат жана башка адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча ишти биротоло аягына чейин чыгарсын.

5.КРнын Өкмөтү:

- "Кумтөр" долбоорун кайра түзүмдөштүрүү үчүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык шарттар, мурдагы жылдары "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда кыргыз тараптын кызыкчылыктарынын жана укуктарынын кемсинтилгендиги жөнүндө маалымдоо үчүн "Центерра" компаниясынын акционерлери менен жолугушуу өткөрсүн.

- "Кумтөр" кениндеги өндүрүштүк чарбалык иштерге каржылык-техникалык жана салыктык аудит жүргүзүүнү демилгелесин.

- Окуялардын өнүгүшүнүн варианттарын иштеп чыгуу менен "Кумтөр" долбооруна карата колдонулуучу тиешелүү каржылык-экономикалык эсептөөлөрдү жана юридикалык кесепеттерди жүргүзүү менен стратегиялык мекемелерди мамлекеттештирүүнүн эл аралык практикасын эксперттик коомдоштукту тартуу менен кошумча изилдөөлөрдү жүргүзсүн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгын 3 айлык мөөнөттө КРнын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

6. "Кумтөр" долбоорун 2003-жылы түзүмдөштүрүү жана "Центерра" компаниясын түзүүдө КРнын үлүшүн кемитүү боюнча фактыларды тергөөнүн жыйынтыгынын негизинде мамлекетке келтирилген экономикалык жана экологиялык чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча КРнын Өкмөтү жана КРнын Башкы прокуратурасы иш жүргүзсүн.

7. КРнын Өкмөтү жана Башкы прокуратурасы ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө 2014-жылдын ..... карата маалымдасын.

8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча, Эл аралык иштер боюнча, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча, Бюджет жана финансы боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин комитеттерине жүктөлсүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан