Мексикада дүкөнгө каракчылык кылууга аракеттенген куралчан адамды кичинекей мышык коркутуп, кууп чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, белгисиз адам дүкөнгө кирип, кассаны ачууну талап кылган. Ошондой эле бакштыгында куралы бар экенин айтып коркуткан. Ал учурда дүкөн ээсинин кызы, колуна кичинекей мышыгын көтөрүп, каракчыга жакындаган. Мышык каракчыга асылды.
Мындан улам корккон кылмышкер жүзүн колу менен жаап, артка чегинип, дүкөндөн качып чыкты.