Биз социалдык тармакта

Бишкекте велосипедчен жаран 3 жаштагы баланы сүзүп кетти (видео)

Кечээ, 23-ноябрда саат 21:50 чамасында Бишкекте велосипедчен жаран 3 жашар баланы сүзүп кетти. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, велосипедчен жаран веложолдо бара жатканда бала күтүүсүздөн жолго чуркап чыккан. Жабыркаган бала аймактык ооруканага жеткирилди.

Учурда кырсыктын бардык жагдайлары такталууда.

Милиция ата-энелерди балдарын кароосуз калтырбоого, ал эми велосипед жана самокат колдонуучуларын ылдамдыкты сактоого чакырат.

Бишкекте велосипедчен жаран 3 жаштагы баланы сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан