Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын грэпплинг боюнча спортчу кыздары Дүйнө чемпиондугунда эки медаль утушту

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчулар эки медаль утту . Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, U-15 категориясында 44 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Саида Сабырова финалда Азербайжандын өкүлү Захра Мамедованы 6:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Ал эми 40 килограммга чейинки салмакта катышкан 13 жаштагы Кенчгүл Жээнбекова финалда Орусиянын спортчусуна жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Мелдештер 25-ноябрга чейин U-15, U-17, U-20 жана чоңдор арасында уланары кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан