Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын биринен агып чыгып жаткан суу тартылган видео соцтармактарда тарагандан кийин, адистер жеринде текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, экологдор эс алуу жайына барып, абалды текшеришти. Анын жүрүшүндө агып чыгып жаткан суунун термалдык-минералдык суу экени аныкталды. Анын химиялык курамын жана сапатын аныктоо үчүн лабораториялык изилдөөгө үлгүлөр алынды.
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.