Биз социалдык тармакта

Баткенде 265 миллион сомдук мектептин курулушу кызуу жүрүүдө (видео)

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Кыя айылында жалпы наркы 265 миллион сомду түзгөн мектептин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мектеп 375 орунга ылайыкталып, окуучулар үчүн бардык шарттар каралды. Имараттын жалпы аянты 3377 чарчы метрди түзөт.
"Бүгүнкү күндө үч кабатуу имараттын дубалы тургузулуп, ички шыбак иштери аткарылды. Учурда чатырын жабуу иштери жүрүүдө", - деп кошумчаланат маалыматта.
Баткенде 265 миллион сомдук мектептин курулушу кызуу жүрүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан