Бүгүн, 24-ноябрда Казакстандын Алматы-Өскемен унаа жолунда өрттөнүп жаткан жүк ташуучу унаадан 38 жылкы куткарылды. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, патрулдук милиция кызматкерлери өрттөнүп жаткан Volvo үлгүсүндөгү унааны байкап, дароо жардамга келишти. Алар өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин жалынды өчүрүүгө аракет кылып, унаадагы жылкыларды сыртка чыгарышты.
Окуядан эч ким жабыркаган эмес.