Биз социалдык тармакта

Сырттан келген 52 миллиондон ашык шылуундардын чалуусу бөгөттөлдү (видео)

Кыргызстанда чет өлкөдөн келген 52 миллиондон ашык телефондук чалууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Уланбек Жаанбаев Ички иштер министрлигине кайрылып, чет өлкөдө туруп телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча кандай иш аракеттер жүргүзүлүп жатканын сурады.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов кылмышка шектүүлөр башка мамлекеттерде жүргөндүктөн, аларды аныктап, жоопкерчиликке тартуу бир топ кыйын экенин белгиледи.

Анын айтымында, Ички иштер министрлиги уюлдук байланыш операторлору менен биргеликте алдамчылык чалуулардын алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Операторлордун антифрод программалары шектүү чалууларды автоматтык түрдө аныктап, бөгөт коёт.

"Маалымат катары айта кетсем, 52 миллиондон ашык сырттан келген телефондук чалуу бөгөттөлгөн. Ошондой эле өлкө ичиндеги 18 миң 913 чалууга бөгөт коюлган. Бул программа алдамчылык чалууларды автоматтык түрдө аныктап, дароо бөгөттөйт", — деди ал.

Министрдин орун басары Улуттук банк жана Башкы прокуратура менен биргеликте ишке ашырылып жаткан антифрод программасы толук кандуу иштей баштаса, телефондук алдамчылыкка каршы күрөшүү кыйла жеңилдей турганын кошумчалады.

Сырттан келген 52 миллиондон ашык шылуундардын чалуусу бөгөттөлдү (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан