Биз социалдык тармакта

Абитуриент чамдан... ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу графиги жарыяланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата абитуриенттерди кышкы кабыл алуу турларынын графигин бекитти.
Министрлик маалымдагандай, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу "Абитуриент онлайн" порталы аркылуу https://2020.edu.gov.kg/vuz. 4 тур менен өткөрүлөт:
  • Биринчи тур - 14–19-декабрь;
  • Экинчи тур - 21–26-декабрь;
  • Үчүнчү тур - 11–16-январь;
  • Төртүнчү тур - 18–23-январь күндөрү өткөрүлөт.
2027-жылдын 25–27-январында бош орундар болгон учурда рейтингдик тизмеде кийинки орунда турган абитуриенттер окууга кабыл алынууга сунушталат. Сынакка катышуу үчүн босого баллдар төмөнкүдөй белгиленген:
  • Окуу акысы келишимдик негизде төлөнүүчү бардык окуу формалары үчүн боюнча – 110 балл;
  • Педагогикалык билим берүү багыттары боюнча – 115 балл;
  • Айыл чарба багыттары боюнча – 100 балл;
  • I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар, бала кезинен майыптыгы бар адамдар, ата-энесинин экөө тең каза болгон балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) – 90 балл.
2026–2027-окуу жылына карата Кыргызстанда жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына чет өлкөлүк жарандарды кышкы кабыл алуу 2026-жылдын 20-декабрынан 2027-жылдын 20-мартына чейин жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган орундарга акы төлөө келишиминин негизинде жүргүзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан