Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Uno-City" пансионатынын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталып, подряддык компанияга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы Мамытов көчөсү, 125/1 дарегинде жайгашкан пансионаттын курулушуна пландан тышкары текшерүү жүргүздү.
Анын жүрүшүндө курулуш иштери бекитилген долбоордон четтөө менен жүргүзүлүп жатканы, ошондой эле тиешелүү уруксат документтери жок байкоо аянтчасы курулганы аныкталды.
Бул мыйзам бузуулар боюнча подряддык "Борсан Констракшин" жоопкерчилиги чектелген коомуна протокол түзүлүп, 200 миң сом айып салынды.