Биз социалдык тармакта

Президент болууну самагандар учурда канча кол топтошту?

Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого талапкерлеригин көрсөтүү жөнүндө арыз берген 11 адам каттоодон өтүү үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтоосу зарыл.

"Түндүк" тиркемесиндеги акыркы сааттарга алынган маалыматтарга таянсак, Клара Сооронкулованы 28 миң 818 шайлоочу колдоп, керектүү сандагы колду чогултуу алдында турат.

Ал эми калган президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн кол топтоо көрсөткүчү учурда төмөнкүдөй:

  • Бактыбек Калмаматов - 25 439;
  • Азамат Эсенбеков - 22 018;
  • Акай Кыдыров - 19 310;
  • Бакытбек Адылов - 16 582;
  • Амур Айба Медер - 8728;
  • Мамбетжунус Абылов - 8613.

Белгилей кетсек, кол топтоо өнөктүгү 8-декабрга чейин уланат. Анын аякташына 13 күн калды. Буга чейин Садыр Жапаров, Сыймык Жапыкеев, Аймен Касенов, Исхак Масалиев тийиштүү колду топтоп бүткөн.

Ал эми президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан