Кечээ, 24-ноябрда "Кыргыз профессионалдык футбол" лигасы жыл жыйынтыгы боюнча мыкты оюнчуларды, машыктыруучуларды жана клубдарды аныктады. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюуштуруучулары билдиришти.
Маалыматка караганда, Жогорку Лиганын "Мыкты оюнчусу" деп Эрбол Атабаев табылды. Ал эми "Мыкты клуб" наамын "Барс" футбол клубу алды.
Сыйлоо аземинде Жаштар лигасынын жана Биринчи лиганын өкүлдөрү, футбол тармагына салым кошкон инсандар да белгиленди.