Ош. Өзгөндө социалдык жана экономикалык маселелер боюнча коллегиялык жыйын өттү

Өзгөн районунда КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен коллегиялык жыйын болуп өттү. Жыйындын күн тартибине 2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча райондун социалдык жана экономикалык абалы коюлуп, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө С.Жээнбеков «ссудаларды мамлекетке кайтаруу, жайыт салыктарын чогултуу, энергетикадагы техникалык жоготууларды жоюу жаатында бир катар кемчилдиктер бар, ошондуктан тийиштүү жетекчилерден 10 айдын жыйынтыгы менен көйгөйдү чечүүнү талап кылам» деген катуу талап койгонун КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан