Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова Камила Талиеванын мандатын тапшырары тууралуу такталбаган маалыматты тараткан кызматкердин жумуштан бошотулушуна байланыштуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал кечээ, 27-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Айдарова жалган маалымат таратуу туура эмес экенин белгилөө менен бирге, жоопкерчилик баарына бирдей болушу керектигин айтты.
Анын айтымында, буга чейин Камила Талиева парламенттин трибунасынан президенттик шайлоонун алдында Жанар Акаев Ош шаарында штаб уюштуруп жатканын билдирген. Бирок бул маалымат да кийин төгүндөлгөн.
"Анда депутатка такталбаган маалымат айтууга болот да, ал эми жөнөкөй кызматкерге болбойбу? Мыйзам баарына бирдей эмеспи?" — деп суроо салган Айдарова.
Ошондой эле ал жумуштан бошотулган кызматкердин артында үй-бүлөсү, балдары жана башка социалдык жоопкерчиликтери бар экенин белгилеген.
"Калыстык деген кызмат ордуна карап өзгөрбөшү керек. Мыйзам да, жоопкерчилик да баарына бирдей иштеши зарыл", — деп жазган депутат.
Эске сала кетсек, буга чейин Камила Талиева мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганы тууралуу маалымат тараган. Ал бул маалыматты четке кагып, аны тараткан кызматкерге чара көрүлүп, жумуштан бошотулганын билдирген.