Биз социалдык тармакта

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын каттамы жанданды (видео)

Бүгүн, 28-ноябрда, саат 10:30дан тарта Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө да уруксат берилди.

"Жол тейлөө кызматкерлери түнү бою ашууда кар тазалоо жана тайгакка каршы кум-туз аралашмасын чачуу иштерин жүргүзүшкөн. Учурда жол ачык", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин жана коопсуздук талаптарын сактоого чакырат.

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын каттамы жанданды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан