Ольга Лаврова: “2013-жылы мамлекеттик кызматта иштегендердин маянасын көтөрүүгө 1 миллиард 92 миллион сом сарпталды”

Бүгүн, 7-февралда “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында каржы министри Ольга Лаврова “2013-жылы мамлекеттик кызматта иштегендердин маянасын көтөрүүгө 1 миллиард 92 миллион сом сарпталды” деп билдирди. 

Анын айтымында, бюджеттен каржыланган 39 785 кызматкердин айлык маянасы көтөрүлгөн. Соттордун маянасы 85 пайыз, муниципалдык кызматта иштегендердики – 80 пайыз, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтагылардыкы – 74 пайыз, Башкы прокуратурадагылардыкы – 60 пайыз жана мамлекеттик кызматта иштегендердин маянасы 60 пайызга жогорулаган.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан