Эмгек министрлиги: “1-январга карата Кыргызстандагы жумушсуздуктун деңгээли 8,4 пайызды түзөт”

2014-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы жумушсуздуктун деңгээли 8,4 пайыз же 210 400 адамды түздү.  

Мындай маалымат Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин 2013-жылдын отчётунда көрсөтүлгөн. 

Жумушсуздардын басымдуу бөлүгү Баткен облусунда катталып, 10,2 пайызды көрсөтсө, Чүй, Ысык-Көл облустарында 9,6 пайызга барабар болгон. Бишкек шаары боюнча жумушсуздуктун деңгээли 8,7 пайыз, Ош облусу – 6,8 пайыз, Жалал-Абад облусу - 8,4 пайыз жана Талас облусунда 4,1 пайыз болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан