Эскерте кетсек, парламентте 5-февраль күнү “Кумтөр” боюнча өкмөттүн меморандуму каралып жатканда Эркин Алымбеков “өлкө кызыкчылыгына жооп бербеген бул келишим парламентте колдоо тапса, мен депутаттыктан кетем” деп билдирүү жасаган эле. Меморандум 6-февралда Жогорку Кеңеште колдоо тапты.