8-февралда аймактарда күндүз кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -18°C
Талас облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -22°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -10°C, түнкүсүн -16°C
Баткен облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -17°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -15°C
Нарын облусу. Күндүз -21°C, түнкүсүн -28°C
Бишкек шаары. Күндүз -10°C, түнкүсүн -10°C
Эскертүү!
Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы Бишкек -Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда 7-февралдан 10-февралга чейин кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.