Боом капчыгайында кылмышкерлер милиционерлерге ок чыгарышып, бирөөсү окуя болгон жерде көз жумду

Кечээ, 9-февралда Ысык-Көл облусунда бир милиция кызматкерин жана бир жол-кайгуул кызматкерин белгисиз адамдар атып кетишти. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган эки кызматкер Боом капчыгайына кеткен жолдо өз кызматтарын аткарып жаткан учурда кылмышкерлер ок чыгарышкан. Ок чыгаргандар BMW үлгүсүндөгү унаада болушкан. Күч кызматкерлерин аткан соң өздөрүнүн машинасын таштап, Audi үлгүсүндөгү башка унаага отуруп качып кетишкен. Жол-кайгуул кызматкери ийининен жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Милиция кызматкери окуя болгон жерде көз жумган.

Кылмышкерлерди издөө иштери жүрүп жатат. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dikeii
2014-02-10 09:05:45
толук маалымат бергилечи. кандайча атышуу болуп кеткен. кылмыштуу топтун мучолорубу?
0
kyrgyzstan13
2014-02-10 15:25:09
Калега артын кайрылуу болсун.
0
KGZ_777
2014-02-11 16:45:43
Kaza bolgon kyzmatkerge ele jalkoda jana artynda kalgan ui-bulo,baldaryna......,al emi kylmywkerler tuptuura ele jazasyn alywty,emi myndan kiinda uwundai okuyalar bolbogongo kuch organdary katuu kozomol jazasa...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан