Кечээ, 9-февралда Ысык-Көл облусунун Боом капчыгайында милиционерлерге ок чыгаргандар жөнүндө алгачкы маалыматтар айтылды. Балыкчы ШИИББи жана Ысык-Көл ОИИББинин 10-февралда берген маалыматына ылайык, кылмышка шектелип кавказ улутундагы 25-30 жаштагы эки адам изделүүдө.
Кечээ, 9-февраль күнү саат 17:00 чамасында күч органдары тарабынан тез ылдамдыкта бара жаткан BMW үлгүсүндөгү кара түстөгү 87-87 BW мамлекеттик номурлуу унаа токтотулган. Бирок алар качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып Тоң районунун Көк-Мойнок айылы тараптан токтотушкан.
BMW унаасынан кавказ улутундагы 25-30 жаштагы эки адам чыгып, жол-кайгуул кызматынын инспекторуна ок чыгарышкан. Милиция кызматкери алардын бирөөсүн күчкө салып жерге жаткызганда, экинчиси анын желкесине аткан.
Кылмышка шектелгендердин унаасы жүрбөй калып, алар ошол эле жерден Ауди-А6 үлгүсүндөгү Е50-78В мамлекеттик номурлуу күмүш түстүү унааны токтотушкан. Айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү курал менен коркутуп, унааны айдап кетишкен. Алар калтырып койгон унаанын ичинен кара түстүү жасалма чач, кара түстүү бет кап жана бүктөлмө бычак (маки) табылды.
Натыйжада Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, прапорщик Бакыт Абдраев каза болуп, Аскарбек уулу Таштан жараат алган. Маркум Бакыт Абдраевдин артында үч баласы калды.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү издөө иштери уланууда.