Жылдыздар Шри-Ланкадан кайтып келишти

Гезит менен көп жылдан бери кызматташып келе жаткан ырчы Каныкей, рэпер Добр, алып баруучу Нурзат Токтосунова, “Тамашоу” долбоорунун түзүүчүсү, алып баруучу Эрмек Нурбаев жана “Супер сулуу-2013” сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева 30-январь күнү “Супер-Инфо” гезитинин жолдомосунун негизинде Инд океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралына эс алууга жөнөшкөн.  

Инд океанынын жээгиндеги эс алуу жыйынтыкталып, жылдыздардан түзүлгөн топ кайтып келди.

Алардын кубанычына, аптыга сүйлөп, сезимдери менен бөлүшүп жаткандарына карап эс алуунун жакшы болгонун болжолдоого болот. Алардын сезимдерин, кандай эс алып кайтышканын өз ооздорунан угууну чечтик.

Ырчы Каныкей ысык өлкөдөн келгенден кийин Кыргызстан өтө суук сезилгенин айтат: “Бул жак аябай суук экен. Келгенде эле үшүп кеттим. Шри-Ланкада кайталангыс эс алуу болду. Бизге жакшы стимул жаралды. Көп кызыктарга кез келдик. Тамактары жанга жагарлык экен. Гезитке ыраазычылык билдирем”.

 

Биринчи жолу эс алуу үчүн алыс жакка чыгып келген рэп ырчысы Добр бул эс алууну унутпай турганын билдирди. “Эс алуу ойдогудай болду. Биздин курам жакты. Баргандан тарта бир дагы мүнөтүбүздү текке кетирбей жакшы эс алдык. Бул эс алуу көпкө чейин эсимде калат деп ойлойм”,- деп сүйүнүчүн жашырган жок.

 

Эрмек Нурбаев Бишкек мененШри-Ланкадагы абанын температурасынын айырмасы 50 градус экенин белгилеп өттү: “Эс алууга жакшы барып келдик. Ал жакта +30 градус ысык экен. Бишкекте болсо -20 градус суук болуп жатыптыр. Ортодогу айырма 50 градус. Ойдогудай эс алдык. “Супер-Инфо” гезитине дагы бир жолу ыраазычылык билдирем”.

 

Эс алуу Нурзат Токтосуновага жаңы күч, жаңыдем тартуулаганын кубануу менен айтып берди“Мен аябай кубанып жатам. Тим эле жыргап келдик. Жаңы күч, жаңы дем берген эс алуу болду. Ойлорду топтоп туруп, башкача жашай турган мезгил келди деп ойлойм",- деп жашоосуна жомоктогудай күндөрдү тартуулаганы үчүн “Супер-Инфого” терең ыраазычылык билдирерин кошумчалады.

Инд океанынан катуу таасирленген Орункүл Шабралиева да кубанычы менен тең бөлүштү: “Сонун эс алып келдик. Ысык жайдан суук жерге түшүп калганга көнүү кыйыныраак болуп жатат. Инд океаны чоң болгонуна карабай аябай жылуу экен. Ал жак көп таасир калтырды. Оюн ойноп, көңүлдүү жүрдүк. Абдан жакшы эс алып келдик”.

 

Жылдыздардын эс алуусу тууралуу даярдалган макаланы, фоторепортажды "Супер-Инфо" гезитинин 14-февраль, жума күнү чыга турган санынан окуп, эс алуудан видеорепортажды SUPER.KG порталынан көрө аласыздар.   

Жылдыздар Шри-Ланкадан кайтып келишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Aksana1602
2014-02-11 00:59:27
супер инфого рахмат таланттууларды баалап эс алууга шарт тузуп бергенине.
+1
Aksana1602
2014-02-11 01:00:37
фоторепортажды чыдамсыздык менен кутом.
0
Almaz-Dinar
2014-02-11 01:17:20
эээй адамдар жамандыкты эле издей бербегилечи ар созунон кынтыктаба бербей озунорду бир таразага койгулачы алардан артык болсон анан бироого сын айт
+2
nurbolot122
2014-02-11 01:58:55
Almaz-Dinar, туура айтасын бир бир колдоп коеюн дебейсинергооо иии чиркин силердин эмненер кем алардан???? сынатып эле койсо
+1
belosnejka1
2014-02-11 06:24:34
Апеей, булар биздин жылдыздарбы?!) Ачылып кетишкен го!)
+1
KGZmilich
2014-02-11 08:32:58
кыскасы ойдогудай болуптурда
0
Asus84
2014-02-11 08:51:36
хаа сукка чыдабай аткандары кызык болду о дагы кобурок журушсо кыргыз тилин кантип суйлойм деп калышмак ко zzz тамаша )))0
0
KGZmilich
2014-02-11 09:02:25
Эрмек эмне дейт ал жак 30 бул жак 20 ошондо 50 болот экен дейби,болсо болгондурда.Ар бир мезгил,мезгили менен откон жакшы!!!
+1
asko93
2014-02-11 09:39:10
Баары капкара болуп куйуп калышыптырго сыягы жакшы эс алып келишсе керек Супер инфо азамат
0
inoplanetyanin
2014-02-11 10:05:15
oyoo mou komment jazgandar, erkegin mn aialyn, uwun4alyk da i4iner kuiup barataby? tuz jalap koigula)
Jakwy es alyp kelipsiner,iygilikter iwinerge!
0
saryanti
2014-02-11 10:09:33
бул жак -20 экен айырмасы 50градус деди
0
Light
2014-02-11 11:16:11
баракелде жакшы барып келиптирсинер,дагы жакшы 1 эле жумага барышыптыр, 2 жума болгондо кыргыз тилин да унутуп калышмак экен ээ)))
+3
sanzhar83
2014-02-12 13:38:11
ОЙ тим эле коментарий жазганга эле кыйынбыз да,айырмасы 50 градус деп болгонун айтты да,анан ыссыкта журуп сразу келгилечи силер да дароо эле конуп кетет бекенсинер,алар кубанычтарын жашыра албай жыргап атышса,биякта туруп алып ичинер куйот да ар бир созго комент жазып.
0
ekulya
2014-02-13 13:26:39
Шрилюга жалан мага жаакан шоумендер барып келишти... Супер силер чындап суперсинер! chynygy talanttardy tanday bilesizder!! Baarynarga iygilik!!!
0
ekulya
2014-02-13 13:29:20
Shri lankaga to est'
0
dinka.121
2014-02-28 18:14:26
Супер инфо супер! Бизди да жонотсо ээ...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан