“Ата Мекен” партиясы: Эркин Алымбеков кол чабуулар үчүн эмес, нааразычылык билдирүү иретинде депутаттык мандатын тапшырды

"Эркин Алымбеков атак-даңк же кол чабуулар үчүн эмес, нааразычылык билдирүү иретинде депутаттык мандатын тапшырды",- деп билдирүү жасады бүгүн, 10-февралда “Ата Мекен” партиясынын басма сөз кызматы.

“Эркин Алымбеков Жогорку Кеңеш “Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган меморандумду кабыл алгандыгына нааразычылык билдирүү үчүн мандатын тапшырды. Айрым аткаминерлерди эсине келтирүү үчүн ушундай кадамга барды”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, парламенттин 5-февралдагы жыйынында депутат "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштап жаткан меморандум кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп бербейт. Бул меморандум Жогорку Кеңештен колдоо таап кетсе, мен депутаттыктан кетем" деген эле. Буга чейин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча үлүштү 67 пайызга жеткирүү мүмкүн эмес экенин, эгер 67 пайызга жеткирем деген бирөө чыкса, ордун бошотуп бере турганын айтып келген. Парламент жыйынында депутат Алымбеков: "Мен үлүштү 67 пайызга жеткирем. Мага премьерликтин кереги жок, вице-премьерлик статус бергиле, 1 жылда үлүштү 67 пайыз кылам, анте албасам мени камасын",- деген.

Бул ортодо "Республика" фракциясы да азыркы өкмөт кетсе, үлүштү 67 пайыз кылууга мүмкүн экенин жарыялады. Бирок Сатыбалдиев "67 пайыз кыла алам деген адам чыкса, ордумду бошотуп берем" деген сөзүнө турган жок.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан