Кылмышка шектүүлөр Токтогул шаарынан чыга бериш жердеги “Бабур” кафесинин жанында өлтүрүлдү. Алар Хонда Одиссей унаасынын ичинде болушкан. Күч органдары багынуу талабын коюшканда, алар макул болушкан эмес. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кылмышка шектүүлөрдүн бири Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын 1986-жылы туулган тургуну Магомедов Заур Мухтарович, экинчиси Жалал-Абад облусунун Кербен айылында 1971-жылы туулган Арчаев Бердимурат Нурбердиевич экендиги аныкталган.
Эске сала кетсек, кечээ, 9-февраль күнү саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектүүлөрдүн унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. Бүгүн алар айдап кеткен унаа Токтогулдан табылган.