Депутат Чолпон Султанбекова айдоочусу көзү ачык Кубаныч Мурзаевдин өлүмүнө күнөөлүү эмес экенин билдирди

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова айдоочусу трассада каза тапкан көзү ачык Кубаныч Мурзаевдин өлүмүнө катыштыгы жок экенин журналисттерге билдирди. Султанбекова буларды айтты: 
  “Ал күнү айдоочум Назар мени “Манас” аэропортунан алып келе жаткан. Ал менин кызматтык унаамда эмес, өзүнүн унаасы менен болчу. Шаарга кире бериште унаанын бир аз солк этип кетишинен ойгонуп кеттим. Биз унааны токтотуп, сыртка чыктык да, жерде жаткан адамды көрдүк. Ошол жерден “Тез жардам” жана жол-кайгуул кызматкерлерин чакырдык. Такси менен үйгө барып, кайра окуя болгон жерге кайрылып келдим. Анын көзү ачык адам экенин билдик. Милиция кызматкерлери анын денесинде көптөгөн сыныктар бар экенин айтышты. Экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат. Унаа тебелеп өткөнгө чейин эле ал адам жансыз болгон. Экспертизанын жыйынтыгы чыкса билинет”. 
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 23-декабрында жол кырсыгынан “Аалам сырлары” берүүсүнүн катышуучусу Кубаныч Мурзаев каза тапкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мас абалында болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан