30-октябрда Нарын
районуна караштуу Чет-Нура айылынын Өмүралы ата көчөсүнүн №2-үйүнүн короосунан
өрт чыгып, жыйылып турган 10 тонна чөбү
өрттөнүп кеткен. Нарын облустук Өрткө каршы кызматы өрттү өчүрүүгө жетишип калган. Үй ээсинин жалпы чыгымы
50 000 сомду түздү. Учурда өрт кырсыгынын
келип чыгуу себептери такталууда.