Опера жана балет театрынын көйгөйү Жогорку Кеңеште айтылды

“Опера жана балет театрынын артисттеринин 4 миң сом айлык алышы уят”,- деди бүгүн, 13-февралда парламент жыйынында депутат Асия Сасыкбаева. Айтымында, аталган театр оор абалда.

“Башкы балетмейстер 7 миң сом, артисттер 4 миң сом айлык алып иштешет экен, уят. Бул мамлекет ойлоно турган көйгөй. Артисттер үйлөрү жок, батирлерде турушат экен. Барак тибиндеги үйлөрдө жашап жатышат. Театрга көңүл бурбаса болбойт, абалы оор”,- деди депутат.

Айта кетсек, учурда аталган театрда 500дөй кызматкер иштейт. Буга чейин театрдын жетекчилиги “артисттердин эң жаңы костюмдары 25 жыл мурунку кийимдер” деп билдирүү жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан