Каныбек Осмоналиев: “Кыргызстанда театрлар өз функциясын аткарбай, акча табууга өтүп кетишти”

Кыргызстанда театрлар өз функциясын аткарбай, маданият мекемелери акча табуунун булагына айланды. Муну парламенттин 13-февралдагы жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев билдирди. Айтымында, опера жана балет театрындагы көйгөй бир жылдан бери айтылып келе жатат. “Алгач балет боюнча топ келип, депутаттарга арызданышты. Экинчисинде опера ырчылары келишип, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги таптакыр көңүл бурбай жатканын айтышты. Үчүнчү жолу оркестр тобу келишти. Театрда абал оор. Абал менен таанышканы барганда маданият министри да унчуга алган жок”,- деди Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан