Улукбек Кочкоров, депутат: “Баткенден келген тургундар биздин талкууну көрүшүп, “Кыргызстанда биздин көйгөйдү чече турган адам жок экен” деп нааразы болуп кетишти”

Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында депутат Улукбек Кочкоров Баткендеги чек ара маселесин чечүүнү тездетүүнү айтты. “Жакында Баткенден келген жергиликтүү 6 тургун биздин талкууну көрүшүп, “Кыргызстанда биздин көйгөйдү чече турган адам жок экен” деп абдан нааразы болуп кетишти. Баткен районундагы миңдеген жаран дагы деле үмүт кылып отурат. Анын үстүнө Тажикстандын вице-премьер-министри "Ворух анклавын Баткенден чыгарып алдык. Алар бизге коридор бермей болушту" деп улам-улам маалымат берүүдө. Биздин өкмөт бул боюнча маалымат бере элек”,- деди депутат.

Кочкоров билдиргендей, бул маалыматты уккан Баткен районунун тургундары нааразычылык билдирип телефон чалышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан