Бүгүн, 13-февралда коомчулук менен түз байланышта суроолорго жооп берип жатып премьер-министр буга чейин эч кимди коркутпаганын айтты.
Интернетте пайда болгон “Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев - коррупционер” деген аталыштагы аудиожазуу тууралуу комментарий берди.
Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, 2007-жылы ал Ош облусун жетектеп турганда Кожоев да ошол жерде иштеген. “Бакиев учурунда ага карата кылмыш иши козголгон. Мен аны менен бир нече жолу сүйлөшкөм, бирок мен тараптан коркутуулар болгон эмес. Менин лексиконумда “өлтүрүү” деген сөз жок”,- деди ал.