Төрт жылдан бери талаадагы жер төлөдө жашап жүргөн үй-бүлө (фоторепортаж)

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жер төлөдө жашап жаткан үй-бүлө тууралуу маалымдаган. Жер төлө аталган облуска караштуу Аламүдүн районундагы Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында негизги жолдон алысыраак жерде жайгашкан экен. 
Алар жерди казып, ачык калган бөлүгүнө ылайдан дубал тургузуп, 2 бөлмөлүү үй кылып алып 4 жылдан бери күн кечирип келишкен. Үй ээси 39 жаштагы Александр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Ал эми жубайы Марина 41 жашта. Булар менен бирге үйдө алардын 6 жаштагы Николай аттуу уулу жана Маринанын курбусу Нурия да жашайт. 
Жер төлөдө жашап калганга чейин Ленин айылындагы Маринанын бир тууган эжесинин үйүндө баш калкалап келишкен. Ортодогу пикир келишпестиктен булардын үй-бүлөсү өзүнчө бөлүнүп кетүүгө мажбур болгон. 
Учурда Калкты социалдык коргоого алуу бөлүмү, Жашы жете элек балдар менен иш алып баруу инспекциясы, укук коргоо органдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу структурасынын кызматкерлери иш алып барышып, кичинекей Николайды мамлекеттин камкордугуна алууну сүйлөшүп жатышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан