Бүгүн, 13-февралда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында экс-президент Роза Отунбаева, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов жана Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн орун басары Ахматжан Махаммадовдун катышуусунда жыйын өтүп жатат.
Анда ачылган бала бакчаларды оюнчуктар менен камсыз кылуудагы каржылоо маселеси көтөрүлдү.
"Чет жактарда Жаңы жыл алдында ар бир көчөгө атайын жаш балдар үчүн эски оюнчуктарын алып чыгып коюшат. Үйүбүздөгү ойнолбой калган оюнчуктарды биз да таратсак эмнеге болбосун? Бул уят эмес. Мен Бишкекке барганда бардык министрлерге кайрылам. Үйдөгү оюнчуктарды балдарга, айрыкча жайлоодо ачыла турган бала бакчаларга бөлүп берерибизди айтам",- деди Отунбаева.