"Аалам сырлары" көрсөтүүсүн Кудайга ишенбегендер, кудайсыздар гана көрүшү керек",- деди төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 13-февралда парламент жыйынында. Айтымында, бул көрсөтүүнү токтотуу тапшырмасы айтылганына карабай көрсөтүлүп жатат.
“Мен мусулман жана жетекчи катары көпчүлүктүн укугун коргошум керек. Бул көрсөтүү салттуу динге каршы. Муну кудайсыздарга гана көрсөтсө болот. Азыр салттуу динге каршылар көп, керек болсо журналисттердин ичинде да сектанттар бар. Көрсөтүү боюнча Кубат Оторбаевдин өзүнө да айткам. Комитетке тапшырма берилген, ошонун жыйынтыгын күтүп туралы”,- деди төрага.