“Бишкекте сойкукана уюштурган Кытайдын жарандарын бошотуп жиберген прокурор менен сотко чара көрүш керек”,- деди ЖКнын 13-февралдагы жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева. Айтымында, прокурор менен сот кылмышка шектүүлөрдөн акча алган. “Бул жерде коррупция бар экени көрүнүп турат. Кытай жарандары кармалып, кылмыш иши козголгон. Прокурордун токтому менен Свердлов райондук соту эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон. Алардын өлкөдө экени же Кытайга кетип калганы белгисиз”,- дейт Кадыралиева.
Депутат өлкөдө сойкулук менен алектенген жаш кыздар көбөйүп жатканын билдирип, бул боюнча Кылмыш-жаза кодексине берене киргизүүнү сунуштады.