Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Ленин айылында жолбун иттердин короодогу малга кол салуу фактысы катталды. Бүгүн, 13-февралда аталган айылдын тургуну Абдырасул Аматов укук коргоо органдарына окуя тууралуу кабарлаган.
Аматовдун короосунда эки ит 7 койго жана 1 козуга кол салып, тамактап, 2 койдун алкымын тиштеп алганы белгилүү болду. Мал ээси эки итти үй-бүлөсүнүн жардамы менен торго камаганга жетишкен.
Учурда бул окуя боюнча Мамлекеттик мергенчилик бирикмесинен өкүлдөр жана ветеринарлар иш алып барышууда. А.Аматов 5 коюн тирүү кезинде адалдап койгон. Эгерде ветеринарлар иттердин канынан кутурма оорусунун таякчаларын табышса, анда өлгөн койлор менен кошо тиштелген тирүү койлорду да жок кылышат.
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, мындан 2 жума мурун коңшу короодон белгисиз иттер 12 койду жарып кеткен.