14-февралда “Баарыңар лыжа тебүүгө!” деген ураан алдында Сочидеги Олимпиадага арналган кышкы спорт майрамы өтөт

Эртең, 14-февралда Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети Стрельников айылындагы спорт базасында "Баарыңар лыжа тебүүгө!" деген ураан алдында кышкы спорт майрамын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда мэриянын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Сочи шаарында өтүп жаткан Олимпиадага арналган. Спорт майрамына Бишкек шаарындагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, социалдык мекемелердин балдары катышат. Программага чана, лыжа тебүү жана башка кар менен байланышкан оюндар киргизилген.

Катышуучулар 14-февраль күнү саат 8:00дө шаардын райондук администрацияларынын алдына чогулуп, саат 9:00дө автобус менен спорт майрамына сапар алышат.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара 7-февралга белгиленип, бирок аба ырайынын кескин төмөндөп кетишинен улам 14-февралга жылдырылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан