Ысык-Ата районундагы турак үйдүн жанына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен

Кечээ, 12-февралда Ысык-Ата районунун Рот-Фронт айылындагы үйдүн дарбазасынын жанына ташталган ымыркай табылды. Бул тууралуу 13-февралда Чүй ОИИББи билдирди.

Маалыматка ылайык, ымыркай сүлгүгө оролгон экен. Тергөөчүлөр анын болжол менен бир күн мурун медициналык шарттарсыз туулгандыгын аныкташты. Наристе тез арада төрөт үйүнө жеткирилди.

“Учурда баланын ата-энесин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө”,- деп маалымдады Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан