Казак теңгесинин курсунун түшүп кетиши менен Кыргызстанда ундун баасы кымбатташы мүмкүн

Казак теңгесинин курсунун түшүп кетишинен Кыргызстанда ундун баасы кымбатташы мүмкүн. Муну бүгүн, 13-февралда парламент жыйынында депутат Эсенгул Исаков билдирди. Депутат бул божомолду Казакстандан алынып келинүүчү буудай жана ундун мисалы менен түшүндүрдү. “Өкмөт резервдик кампадагы буудайды “бронировать” этиши керек. Ошондо гана өлкөдө ундун баасын бир калыпта кармап калууга болот”,- деди депутат. 
Исаков өкмөттөн 1-апрелде күчүнө кире турган “Малдын башын идентификациялоо жөнүндө” кабыл алынган мыйзамды аткаруу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын өкмөт жарыялашы керектигин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан