Өкмөт энеси абакта отурган балдарды туугандарына убактылуу өткөрүп берүүнү сунуштады

Кыргыз өкмөтү абакта отуруп, 3 жолу мекеме эрежесин бузган энелердин балдарын туугандарына убактылуу өткөрүп берүүнү сунуштады. Тийиштүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Советбек Арапбаев 13-февралда парламенттин жыйынына алып чыкты. Эгер баланын энеси баш коргоо чарасы менен убактылуу кармоочу жайда же түрмөдө отуруп баласына кам көрбөсө, аны туугандарына өткөрүп берүү айтылууда. Мындан сырткары камакта отургандардын жакын туугандарынын катуу ооруп калганы же каза тапканы тууралуу маалыматты абактагыларга 1 сааттын ичинде жеткирүү нормасына толуктоолорду киргизүү каралган. 

ЖКнын депутаты бул мыйзам долбоорун 2-окууга жиберүүнү айтып, документте энелердин эреже бузуулары так көрсөтүлбөгөнүн баса белгилелди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан