Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы Ислам экономикасын өнүктүрүү комитети толугу менен жоюлду

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы Ислам экономикасын өнүктүрүү комитети толугу менен жоюлду. Бул тууралуу муфтияттын иш башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, бул комитет 2012-жылы мурдагы муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин убагында түзүлгөн. Бирок муфтиятка чыгымдан башка бир да пайда алып келген эмес. Комитетти жоюу чечимин Уламалар кеңеши чыгарган. Ага муфтийдин милдетин убактылуу аткаруучу Максатбек ажы Токтомушев кол койду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан